Нуржан Байтемировна
НАЙЗАБЕКОВА
Ата-Журтума, туулган жериме кызмат кылам
Сокулук — менин бала чагым өткөн ыйык аймак. Эл — менин күчүм, демим. Өз жеримдин турмушун да, көйгөйүн да жакшы билем. Ошол элге кызмат кылуу — мен үчүн эң чоң сыймык жана парз.
Мен — Нуржан Найзабекова
1986-жылдын 15-июлунда Военно-Антоновка (азыркы Кожомкул) айылында жөнөкөй, эмгекчил үй-бүлөдө туулгам. Атам өмүрүнүн көбүн айыл чарба багытында эмгектенгендиктен, биз да ак эмгекке, жоопкерчиликке, чынчылдыкка тарбияланганбыз.

Атам элди, тилибизди жана мекенибизди сүйүүнү үйрөтсө,
апам — өзүнө ишенүүнү жана эч нерседен коркпой жашоону үйрөткөн.

Мен ишенем адамдын күчү — билимде жана адамкерчиликте.
Сандар сүйлөсүн
  • 4
    жогорку билим: журналистика, саясат таануу, юриспруденция, психология
  • 5 жыл
    журналистика тармыганда тажрыйба.
  • 5 жыл
    мамлекеттик кызматта.
  • 10 жыл
    PR жана коомчулук менен байланышта
Программа
Мамлекеттик социалдык мекемелердин көйгөйлөрүн мен жакшы билем. Өзүм кадимки мамлекеттик мектептин бүтүрүүчүсүмүн. Балдарым да мамлекеттик мектептерде жана бала бакчаларда тарбияланып, мамлекеттик поликлиникалардын кызматын колдонушат.
Жөнөкөй адам депутат боло алабы?